Мамкаттоо: Жаңы үлгүдөгү техпаспорт бериле баштады

Мамкаттоо: Жаңы үлгүдөгү техпаспорт бериле баштады

26-июлдан баштап транспорт каражатын каттоо жөнүндө жаңы үлгүдөгү күбөлүк берип баштаган. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы үлгүдөгү күбөлүктүн колдонууга кириши менен мурда берилген күбөлүктөрдү милдеттүү түрдө алмаштыруу талабы коюлбайт. Киргизилген жаңы үлгүдөгү күбөлүк 26-июлдан тартып катталган жана кайра катталган транспорт каражаттарына берилет, ал эми мурда берилген эски үлгүдөгү күбөлүктөр кийинки кайра каттоого чейин өзүнүн юридикалык күчүн жоготпойт. Ошол эле учурда 10-июндан тартып убактылуу берилген транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүктү алмаштыруу керек, алмаштыруу учурунда 192сом төлөнөт, бул жаңы үлгүдөгү күбөлүк баасы. Бул мурдагыдан төрт эссе арзан

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>