«Манастын» жетекчилиги «Ядран» татар компаниясынын жетекчиси менен жолугушканын тастыктады

«Манастын» жетекчилиги  «Ядран» татар компаниясынын жетекчиси менен жолугушканын тастыктады

Учурда «Манас» ачык акционердик коомунун жетекчилиги инфраструктуранын натыйжалуулугун жогорулатуу, аэропорттун кирешесин көбөйтүү жана түз жана кыйыр кирешелерди камсыз кылуу боюнча жаңы иш-чараларды киргизүү үчүн инвестицияларды тартуу боюнча жигердүү иш алып барууда. Бул тууралуу аэропортту Татарстандын инвесторуна өткөрүп берүү боюнча жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр жөнүндө алгач «Акчабарга» жарыяланган макала жооп катары аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.

«Манас» аэропортунун жетекчилиги кытайлык, түркиялык жана ички инвесторлор менен сүйлөшүүлөр болгонун тастыктады. Мындан тышкары, «ЯДРАН» ЖЧК каржы компаниясынын башчысы И.Салихов менен жолугушуу болгону белгилүү болду.

«Манас» ААКтын башкы директору Бакыт Шаршеев компаниянын ишмердүүлүгүндө инвестицияларды талап кылган багыттар жөнүндө — «Манас» жана «Ош» аэропортторунда жаңы учуп-конуу тилкелерин куруу жана реконструкциялоо зарылдыгы жөнүндө айтып берди. Сүйлөшүүлөр маалымат берүү максатында болгон. «Манас» аэропортун тышкы башкарууга өткөрүү маселеси аба майдан жетекчилиги тарабынан каралбайт», — деп айтылат билдирүүдө.

«Манас» аэропортун 100 миллион долларлык инвестицияга Татарстандын «Ядран» компаниясына 25 жылга берүү мерчемделүүдө. Бул тууралуу «Акчабарга» жеке булактар билдирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>