Масалиев: Өкмөт биринчи жолу министрликке татыктуу талапкерди сунуштады

Масалиев: Өкмөт биринчи жолу министрликке татыктуу талапкерди сунуштады

Өкмөт биринчи жолу министрлик кызматка татыктуу талапкерди сунуштады. Мындай оюн парламенттик комитеттин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев билдирди.

Билим берүү жана илим министри кызматына сунушталып жаткан Каныбек Исаковду татыктуу талапкер экенин айтып, буга чейин өкмөт тажрыйбасы жок талапкерлерди сунуштап келгенин белгилеп өттү.

Каныбек Исаковдун талапкерлигин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөтүп, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөткөн. Парламенттин эки комитети  анын талапкерлигин талапкерлигин  министирлик кызматка жактырды.

Исаков 2011-жылдан бери Ош мамлекеттик университетинин ректорунун кызматын аркалап келет.

Билим берүү жана илим министрлигин  2016-жылдан бери жетектеп келген Гүлмира Кудайбердиева 4-сентябрда кызматынан алынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>