Масалиев: Жолдошбаевдин “ме сагасы” Жогорку Кеңештин көрсөткүчү

Масалиев: Жолдошбаевдин “ме сагасы” Жогорку Кеңештин көрсөткүчү

Жосунсуз жоругу менен эки күндөн бери талкууга түшкөн Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев тууралуу Исхак Масалиев да пикирин билдирди.

Экс-депутат Масалиев, жалпы Жогорку Кеңештин элге болгон мамилесин Жолдошбаевдин кылыгына салыштырган.  

“Уялчак депутат — Камчыбек Жолдошбаев эки күндөн бери интернет сахнада жүрөт. Үч бармактуу комбинацияны көрсөтүп, ме сага деп!!!

Бир ой — ушул мамиле, жалпы Жогорку Кенештин депутаттарынын көрсөткүчү. Мыйзамсыз мөөнөтүңөрдү узартыңар десе — ме сага, мыйзамдарды одоно түрдө буздуңар десек — ме сага, кеткиле десе — ме сага…

Жөнөкөй жарандардын жана бийликте отурган кишилердин ортосундагы ажырым өсүп баратат.Түшүнбөсөң — камап таштайбыз…”, — деген экс-депутат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>