Машыктыруучу: Бахадыр Кочкаров ишин аткара албай жатат — ВИДЕО

Машыктыруучу: Бахадыр Кочкаров ишин аткара албай жатат — ВИДЕО

Футбол боюнча Кыргыз Премьер-лигасында ойногон “Кара-Балта” командасынын башкы машыктыруучусу Владимир Хорошунов беттештерди тейлеген калыстар айрым командаларга тартып жатканын оюндан кийин Кыргыз Спорт ТВга берген маегинде айтты.

Анын айтымында, Бахадыр Кочкаров Кыргызстандын Футбол калыстары департаментинин төрагасы кызматын аткара албай жатат.

“Бул оюнда калыстар сатылганын мен ишенимдүү түрдө айта алам. Мен биздин капитандын кызыл айып кагаз алганын көрдүм, беттештин калысы ага орой сүйлөп, өзү ага чагымчылдык кылды, оюнчу ага жооп берди жана кызыл кагаз көрсөттү. Тыныгуу учурунда 100 пайыздык пенальтини бербегенин көрдүк. Экинчи таймда 100 пайыздык пенальти болду, аны берген жок. Гол кирген учурда оюндан сырткаркы абал болгон эмес экен, ал голду эсептеген жок. Эмне кылышты жана кантип ойношту биз билбей калдык. Мен Кочкаров Кыргызстандын Футбол калыстары департаментинин төрагасы кызматын аткара албай жатат деп эсептейм. Бизге мындай жагдай боюнча эч кандай билдирүү жасаган жок, сүйлөшөйүн десең качат, кийин калыстар өзүлөрү телефон чалып алып кечирим сурайт. Өткөн жылы 3-4 жолу телефон чалып биз ал учурду байкабай калдык деп кечирим сурашат. А биз мындай калыстыктан канча оюнду уттуруп койдук. Оюндан кийин кечирим сурагандан эмне пайда”, — дейт Хорошунов.

Белгилей кетсек, кечээ, 17-апрелде футбол боюнча өлкө чемпиондугунун 6-турунда «Кара-Балта» 1:4 эсебинде «Илбирске» утулуп калган.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Кыргыз Футболу ??⚽️ (@kyrgyzfootball)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>