«Мегаком» чыры эмнеге бүтпөй келген? Жообун Жапаров айтып берди

«Мегаком» чыры эмнеге бүтпөй келген? Жообун Жапаров айтып берди

«Мегаком» компаниясы боюнча эл аралык соттон Кыргызстан утту. Алар 297 млн. долларга доого жыгуу аракетин көрүшкөн. Бул туурасында Президент Садыр Жапаров Коррупцияга каршы кеңешменин отурумунда билдирди.

Ал 10 жылдан бери Мегаком боючна чыр бүтпөй келгени боюнча өз оюн айтты.

“Мегаком боюнча эл аралык сотко берген компанияны утуп алдык. 297 долларга доо койгон. Бул эмне үчүн он жылдан бери созулуп келе жатат? Анткени, биздин мамлекеттик деңгээлдеги масштабуу коррупционерлери соодалашып келишкен. “Биз эл аралык сотко барып далилдерди көрсөтпөйлү, жөн гана катышты деген аты болсун, жакшы сүйлөбөй эле колёлу, анан силер утуп аласыңар… Бирок, ушул жерде 300 млн. доллар. Анын жарымын бизге бересиңер деп келише албай, убакытты создуктуруп келген” – деп айтсам жаңылышпайм.

Ошондой эле азыркы бийлик мурдагыдай болуп соодалашпай коюп, бир жылдын ичинде соттук иштерди бүтүргөнүн кошумчалады.

Penwell Business Limited компаниясы 2017-жылдын июль айында Кыргызстанды эл аралык арбитраждык сотко берип, өлкө “БиМоКом” (“Мегаком”) компаниясынын инвестицияларын ээлеп алган деп даттанган. 298 миллион доллар өндүрүүнү талап кылып келген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>