«Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери соцтармакта жазган билдирүүсү үчүн милицияга чакырылды

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкери соцтармакта жазган билдирүүсү үчүн милицияга чакырылды

«Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Шайлообек Атазов социалдык тармактардагы жазган билдирүүсүнөн улам Ош шаардык ички иштер башкармалыгына чакырылды. Бул маалыматты Reporter.kg’ге шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

ИИМдин маалыматы боюнча, бүгүн Атазовдун социалдык тармактардагы жазган билдирүүсүнө экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет.

Атазов өзүнүн билдирүүсүндө «Биримдик» партиясынан талапкер Азамат Арапбаев жөнүндө жазган.

Буга чейин социалдык тармактарда жана YouTube социалдык тармагында белгилүү ырчы Бек Борбиевдин «Мекеним Кыргызстан» аттуу видео жана ыры жарыяланган.

Видеодон бир нече жолу «Мекеним Кыргызстан» партиясынын логотибин көрүүгө болот, анын аткаруучусу аталган партиянын талапкери Борбиев өзү.

Бул видео боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылуулар болсо, ага мыйзамдуу баа берилеби жокпу азырынча белгисиз. Ал эми расмий түрдө шайлоого үгүт иштери ушул жылдын  4-сентябрында башталат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>