Мектеп бүтүрүүчүлөрү “Таңды тосуу” сыяктуу салтанаттуу кечелерди өткөрбөйт

Мектеп бүтүрүүчүлөрү “Таңды тосуу” сыяктуу салтанаттуу кечелерди өткөрбөйт

Министр Улан Ниязбеков бүгүн, 24-майда окуу жылынын аякташына байланыштуу коомдук коопсуздукту сактоо боюнча иштерди күчөтүү үчүн ИИОнун бардык бөлүктөрүн камтыган онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Кеңешмеге ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, жети дубан менен Бишкек, Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын жетекчилери жана кызматкерлери катышкан.

Онлайн чогулушта Билим берүү жана илим министрлигинин 11-майдагы буйругуна ылайык, быйылкы жылы республиканын аймагында орун алган 2 миң 296 мектепте 2020-2021-окуу жылынын “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш-чаралары коронавирус илдетине байланыштуу онлайн-форматта өткөрүү чечими кабыл алынгандыгы белгиленген.

Салтанаттуу иш-чараларын өткөрүү учурунда, коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында атайын иш-мерчем түзүлүп, күч каражаттардын эсеби такталган. Иш-чараларды өткөрүү учурунда, республика боюнча коомдук тартипти камсыздоого 3391 милиция кызматкери тартылат.

Ошону менен бирге ички иштер органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн жетекчилери бул иш-чараларга жооптуу болуп бекитилген.

Бул багытта милиция кызматкерлери эл арасында, айрыкча ата- энелерге “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш-чараларына байланыштуу (Жаратылышта, шаардын четине, ресторан кафелерге) отуруштарды уюштурбоо, жашы жете электерге автотранспорттук каражаттарды бербөө керектиги эскертилип, ар кандай “Таңды тосуу” сыяктуу кечелерди уюштурууну алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

“Эң негизгиси өлкөдөгү ар бир жаран өзүн коопсуз сезип, тынчтык өкүм сүргөн туруктуу өлкөдө жашоого татыктуу. Ошондуктан, баарыбыз элдин койгон талаптарын чарчап чалыкпастан, ынтымакта, биргеликте аткарып, алдыга коюлган максаттарга жетебиз деп ишенем. Ал максаттарга жетүү үчүн милициянын баркын түшүрүүгө бирден-бир түрткү болгон “кенебестик”, “кайдыгерлик” деген жаман адаттардан алыс болуп, элдин кызыкчылыгы биринчи орунда турушу керек”, — деген министр.

Улан Ниязбеков аппараттык кеңешменин жыйынтыгы менен он тапшырма коюп өз убагында аткарууну талап кылган. Алар: коомдук коопсуздукту камсыздоо чаралары жогорку деңгээлде ишке ашыруу, анын ичинде, мектепти бүтүрүүчүлөр аралашкан жол кырсыктары, кыз ала качуу, массалык мушташ жана башка коомго жат көрүнгөн кылмыштар, окуялардын алдын алуу. Жергиликтүү бийлик органдары, акимдер, айыл өкмөттөр, айыл башчылары, билим берүү тармагы менен бирге эл арасында ар түрдүү укук бузууларды алдын алуу чараларын жүргүзүү. Милициянын көчмө кабылдамалары күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтүүнү колго алуу.  Чек-ара аймактарында, өзгөчө Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ар түрдүү куралдуу кагылышууларды алдын алуу үчүн чек-ара кызматы, жергиликтүү бийлик органдары жана мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта иш алып барып, коомдук жайларда, чек-арага жакын аймактарда милициянын кайгуул иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү.

Министр ошондой эле “Жарандар тарабынан “102” линиясына жана оозеки келген чакырууларга тез арада чара көрүп, окуя болгон жерге ыкчам барып, укук бузууларга бөгөт коюу чаралары көрүлсүн деп тапшырмма койгон.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>