Мэрия: Ош шаарында 4 стационар күнү-түнү иштейт

Мэрия: Ош шаарында 4 стационар күнү-түнү иштейт

Ош шаарында 4 стационар күнү-түнү иштейт. Бул тууралуу аталган шаардын мэрия Таалайбек Сарыбашов 22-июлда брифингде билдирген

Мэр райондордо күндүзгү стационарлар даярдалып жатканын да белгиледи.

“Ош шаарында 4 стационар күнү-түнү иштеп жатат. Стационарларда 200гө жакын орун бар. Бүгүн аларга жалпы 662 жаран кайрылды. Ошондой эле, күндүзгү стационарларга кайрылып, дарыланып, айыккан бейтаптардын саны 599. Бейтап оорусунун абалына карап изоляция, ооруканаларга бөлүнөт. Буга чейин оорукана, изоляция, обсервация, стационарларда жалпы 2 миңден ашуун орун даярдалган. Эртең шаардын эки кичи районуна дагы күндүзгү стационарларды ачабыз”, — деди  Сарыбашов.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>