Миң-Куштагы шахтада өрт чыкты

Миң-Куштагы шахтада өрт чыкты

Нарын облусунун Жумгал районунда 2-март күнү Миң-Куш айылында ЖЧК “Берекет-Кен” шахтасынан өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жерине Көк-Жаңгак шаарында жайгашкан өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары тартылган. 3-март күнү куткаруучулар тарабынан чалгындоо иштери жүргүзүлүүп 2 парустук тосмо орнотулган.

4-март күнү иш-чаралар улантылары кабарланат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>