МИК: Кыргызстандын жарандары ипотекалык насыяны 10% ченде ала алышат

МИК: Кыргызстандын жарандары ипотекалык насыяны 10% ченде ала алышат

Кыргызстандын жарандары ипотекалык насыяны 10% ченде ала алышат. Мындай билдирүүнү 13-августа Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Эльмира Абжапарова брифингде билдирди.

«Бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартуу максатында Кыргыз Өкмөтү менен ГФРнын Өкмөтүнүн ортосунда Германиянын өнүктүрүү банкы аркылуу 10,5 млн евро өлчөмүндөгү гранттык каражатты берүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Долбоордун алкагында өлкөнүн бардык жарандарына ипотекалык насыя берилет, ошонун ичинде, Бишкек жана Ош шаарларынан сырткары, патенттик негизде иштеп жаткан, бюджеттен тышкаркы чөйрөдө иштегендерге», — деп билдирди.

Анын айтымында, аталган долбоордун ипотекалык насыялары «Кыргызстан», «РСК Банк» жана «Кыргыз инвестициялык-насыялык банкы» коммерциялык банктары аркылуу жылдык 10% чен боюнча 15 жылдык мөөнөткө берилет. Долбоордун алкагында 153 насыя 158 млн сом берилди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>