Милиция: Айдоочу унааңа кышкы дөңгөлөк салып ал! 

Милиция: Айдоочу унааңа кышкы дөңгөлөк салып ал! 

“Күз кыш мезгилдеринин келиши менен суук  башталууда”  — деп эскертет гидрометборбору. Бирок, кээ бир айдоочу арасында, жылдын суук мезгилинде жайкы дөңгөлөк менен жүрө берүү болот деген да пикир бар. Бул жаңылыш пикир! Бул туурасында Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүдө, адатта жаан аралаш кар баскан учурлар, аба ырайынын температурасынын күн сайын секирүүсү жокко чыгарылбайт, ошондуктан «жайкы дөңгөлөктөрдү» алмаштырууну туура эмес көргөн жеңил ойлуу айдоочулар ушундай табигый кубулуштардын аркасынан кырсыка учурап калышы
мүмкүн.

“Жайкы дөңгөлөктөр” суук аба ырайында коркунуч туудурат, алар тез токтоо сапатын жого баштайт. Катуу суукта дөнгөлөк тоңуп калат.  Акыры, унаа жүрүп бара жатканда коркунуч туудурат.
Дөнгөлөктү өз убагында алмаштыруу айдоочуга жол кырсыктарын бекем сактоого мүмкүндүк берип, авариялык абалдан сактайт. Демек жол кыймылына катышуучулардын өмүрүн жана ден-соолуктарын сактап калат.

Тайгакта жайкы дөнгөлөктүн токтоо мүнкүнчүлүгү эки эсе аз болоорун
эсиңизден чыгарбаңыз.

Ошондой эле  “кышкы дөңгөлөктөргө” күн мурун алмаштырууну, автоунаанын техникалык абалын текшерүүнү, жүрүп бара жатканда болушунча этияттык жана сак болууну, ылдамдыкты сактоону, коопсуз аралыкты жана маневр жасоо эрежелерин сактоону өтүнөт.

Өзүңөрдүн милдетиңизди так аткарып башка жол кыймылынын катышуучуларынын өмүрүн жана ден соолугун сактаңыз!

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>