Милиция Акаевди суракка чакырды

Милиция Акаевди суракка чакырды

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгына 15-сентябрь күнү саат 17:30га суракка чакырылды. Бул тууралуу депутат «Азаттыкка» билдирди.
Буга чейин ал “Фейсбуктагы” баракчасындагы видео кайрылуусунда бийликти басып алууга эч ким менен сүйлөшпөгөнүн жана муну “курулай каралоо” деген.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айыпталып кармалган. Анын жактоочуларынын бири Икрамидин Айткулов бул иште Асановдон башка дагы кишилер бар экенин айтып, тинтүү жөнүндө токтомду көрсөткөн экен.

Асановдун үйүн тинтүү жөнүндөгү документ 14-сентябрда Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестриндеги Жазык кодексинин 309-беренеси (“Бийликти күч менен басып алуу”) менен катталган. ИИМдин Тергөө кызматына бийликти күч менен басып алуу жөнүндө материал түшкөнү, анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин аты аталат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>