Милиция: Текебаевге кол салгандарды издеп жатабыз

Милиция: Текебаевге кол салгандарды издеп жатабыз

Өмүрбек Текебаевге кол салгандарды издеп жатканын Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Өмүрбек Текебаевге кол салуу фактысы боюнча  зарыл болгон бардык ыкчам-тергөө иш-чараларды милиция жүргүзүүдө.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып,  ички иштер органдары тарабынан бул факты боюнча бардык жагдайлар текшерилип, шектүүлөрдүн өздүгүн тактоо жана аларды кармоо максатында ыкчам-иликтөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмыштын бетин изин суутпай ачуу үчүн масштабдуу ыкчам иштер жүргүзүлүүдө.

Кылмыштын бетин ачуу министр Улан Ниязбековдун  жеке көзөмөлүнө алынды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>