Милиция Ысык-Көлдө комада жаткан белгисиз аялдын өздүгүн аныктоого жардам сурайт

Милиция Ысык-Көлдө комада жаткан белгисиз аялдын өздүгүн аныктоого жардам сурайт

Ысык-Көл районунун милициясы комада жаткан белгисиз аял кишинин өздүгүн аныктоого жардам сурайт.

Бүгүн, 12-май күнү Ысык-Көл РИИБдин нөөмөт кызматына аймактык ооруканадан, жандандыруу бөлүмүнө Бостери айылынан өздүгү белгисиз аял келип түшкөндүгү билдирилген. Дарыгерлердин айтымында, бейтаптын диагнозу «Мээ комасы».

Аялдын белгилери: жашы болжол менен 30-35 куракта, бою 160-165 сантиметрди түзөт. Кийген кийими: кара-ак түстөгү свитер, кара түстөгү юбка.

Кимде ким, белгисиз аялдын өздүгүн билсе, же болбосо аны аныктоо боюнча маалыматтары болсо, райондук милицияга (03943) 43980, 0709060962 номерлери аркылуу байланышууну суранышат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>