Миллиондогон белектер! MegaCom жана Coca-Cola биргелешип өткөрүүчү акция

Миллиондогон белектер! MegaCom жана Coca-Cola биргелешип өткөрүүчү акция

MegaCom «Кока-Кола Бишкек Боттлерс» ЖАК менен биргеликте «MegaComꞌдон миллиондогон белектер» акциясын ишке киргизүүдө. Акциянын алкагында, Coca-Cola, Fanta, Sprite жана Bonaqua суусундуктарын сатып алууда, абоненттер кепилденген байгелерди алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Акцияга MegaCom компаниясынын каалаган абоненти катыша алат. Бул үчүн атайын белги коюлган боз түстөгү капкагы менен жогоруда аталган суусундуктардын бирин (0,5 литр көлөмдөгү) сатып алуу жетиштүү. Акциялык бөтөлкөнүн капкагынын астындагы промокодду таап, аны Mega24 мобилдик тиркемесинде активдештирүү зарыл. Абонент активдештирген промокоддордун саны канчалык көп болсо, кепилденген байгеси ошончолук баалуу болот:

[su_image_carousel source=»media: 37838″ crop=»none» autoplay=»4″]

Суусунуңузду кандырыңыз, жана да MegaCom уюлдук операторунун кепилденген белектерине ээ болуңуз. Акциялык капкактары менен суусундуктарды республикабыздын дүкөндөрүнөн тапсаңыз болот!

Акция 2020-жылдын сентябрь айынын аягына чейин уланат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>