Министр: Дыйкандарга жеңилдетилген насыя берилүүдө

Министр: Дыйкандарга жеңилдетилген насыя берилүүдө

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорацияга байланыштуу бардык суроолор үчүн 0(701)881008 күнү-түнү ыкчам байланыш номери иштейт. Бул тууралуу айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

«Биздин фермерлер жазгы талаа иштерин өз убагында бүтүрүп алыш үчүн, бардык облустар боюнча координаторлор, ошондой эле, комендатура менен кызматташкан министрликтин алдында штаб бар», — деди министр.

Мындан тышкары «Айыл чарбасын каржылоо — 8» программасынын алкагында жеңилдетилген насыялар дыйкандарга берилип жатканын Чодуев белгиледи.

«Айыл Банк» ААК, «РСК Банк»ААК аркылуу 525 млн сом суммасындагы насыялар берилди. Белгилеп кетсем, азыр банктар иштеп жатат жана фермерлер насыя алууга кайрылса болот”, — деп билдирди Эркинбек Чодуев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>