Министр Шыкмаматов депутаттардын жемесине калды   

Министр Шыкмаматов депутаттардын жемесине калды   

Инвестиция министри Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кенештин финансы комитетинин жыйынында депутаттардын жемесине кабылды. Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов министрликтен келген өкүлдөргө кайрылып Алмамбет Шыкмаматовдун келбей калганына нааразылыгын билдирди.

“Азыркы министр, мурдагы коллегабыз Алмамбет Шыкмаматов  депутат болуп турган кезде министрлер өздөрү келсин, өздөрү депутаттардын астында бардык маселени айтып, каражат  кайсы жакка жумшалаарын, кандай гана суроолор болбосун министрлер өздөрү жооп берсин деп талап кылаар эле, эми өзү министр болгон кезде келбей койгону туура эмес.  Алмамбет Насыркановичке айтып баргыла, өзү келсин!” деди эл өкүлү.

Ошондой эле депутат министр өзү келсе суроо мынчалык көп болмок эместигин кошумчалады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>