Министрлик: Финансы министринин кабинетине тинтүү жүргүзүлгөн эмес

Министрлик: Финансы министринин кабинетине тинтүү жүргүзүлгөн эмес

Финансы министринин кабинетине тинтүү жүргүзүлдү деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу аталган министрлик тараткан төгүндөө тууралуу билдирүүдө айтылат.

[su_quote]26-сентябрь күнү Финансы министринин иш бөлмөсүндө эч кандай тинтүү болгон эмес. Өкмөт үйүндөгү кызматтык пайдалануу үчүн документиер сакталган Соттук өкүлчүлүк борборунун кабинетиндеги министрликтин кызматкеринин катышуусу менен текшерүү өткөрүлгөн.[/su_quote]

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) Жазык проссестик кодексинин алкагында жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки териштирүүнүн алкагында андагы документтерди Финансы министринин уруксаты менен алып кеткен.

Кечээ, 29-сентябрда Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева Финполго суракка чакырылгандыгы белгилүү болгон.

Айрым басылмалар министрдин кабинети тинтүүгө алынгандыгын да жазып чыгышкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>