Министрлик: Кыргызстанга жакында дагы 2 миңге жакын чет жактагы мекендештер алып келинет

Министрлик: Кыргызстанга жакында дагы 2 миңге жакын чет жактагы мекендештер алып келинет

Жакынкы күндөрү Кыргызстанга 2 миңге жакын жарандын келүүсү күтүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Бүгүн биз чартердик каттамдарды күтүп алабыз. Бир нече күндүн ичинде өлкөгө эки миңге жакын мекендешибиздин келүүсү күтүлүүдө. Алардын баары обсервацияга жаткырылып, дыкат медициналык текшерүүдөн өтөт. Эгерде анализдин жыйынтыгы терс чыкса, анда биз аларды үй карантинине коё беребиз жана медициналык жактан көзөмөл жүргүзүп турабыз», — дейт ал.

СOVID-19 инфекциясынын жаңы 29 учур аныкталып, жалпы өлкө боюнча 1 миң 111 адамга коронавирус жукту. Алардын ичинен 248и медицина кызматкерлери. 745 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды, ал эми он төрт адам каза болду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>