Дүйнөлүк рынокто кумшекердин баасы бир айда 8,1%га көтөрүлдү

Дүйнөлүк рынокто кумшекердин баасы бир айда 8,1%га көтөрүлдү

Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) шекердин баасынын индекси 2020-жылдын декабрь айына салыштырмалуу 8,1%га жогорулаганын билдирди. Бул импорттун жогорку суроо-талабына жана Европа Бирлигинде, Орусияда жана Таиландда түшүмдүн начарлашына байланыштуу. Отчет ФАОнун сайтында жарыяланган.

Жаңы Зеландиядан экспорттун сезондук төмөндөшү шартында Жаңы жылды майрамдоонун алдында Кытайдан жигердүү сатып алуулардан улам ФАОнун сүт азыктарынын бааларынын индекси 1,6% га жогорулады.

Эт 1% га өстү, буга дүйнөлүк канаттуулардын этине, айрыкча Бразилиядан болгон күчтүү суроо-талап түрткү берди. Мындан тышкары, Европанын бир катар өлкөлөрүнөн куш тумоосу күч алгандыгына байланыштуу өндүрүшкө жана экспортко чектөө киргизилген.

Жалпысынан дүйнөлүк баалар 4,3% га жогорулады. 2014-жылдын июль айынан бери мындай баалар болгон эмес.

Буга чейин, Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги Кайыңдыдагы заводдо шекердин запасы 3 айга гана жеткидей калганын билдирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>