Мирзиёев: Кемчилик кетирген үч акимге дагы бир мүмкүнчүлүк берди

Мирзиёев: Кемчилик кетирген үч акимге дагы бир мүмкүнчүлүк берди

Жарандардын жана ишкерлердин кыймылсыз мүлкүн түрттүрүүдө олуттуу ката кетирип, президенттин сынына кабылган Кашкадарыя, Фергана жана Хорезм облустарынын башчылары өз кызматтарында иштөөнү улантууда.

«Жабыр тарткан тургундардын материалдык жана моралдык чыгымдарын толугу менен калыбына келтирүү зарылдыгын, облус башчылары менен башка жооптуу кызматкерлерди кызматтан алып салып, алардын кетирген катачылыгын башкаларга жүктөп коюу адилеттүү эместин эске алдык” , — деп айтылат президент администрациясынын маалыматында.

Президент Шавкат Мирзиёев кемчилик кетирген аймак башчыларына жарандардын мүлктөрүн кайта калыбына келтирип, ишенимдүү кайтаруу үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк берүүнү колдогон.

2-августтагы видеоселектордук жыйында Шавкат Мирзиёев премьер-министр менен президенттик аппараттын жетекчисине кайрылып, Фергана, Хорезм жана Кашкадарыя облустарынын башчыларын кызматтан алуу жана аларды элден кечирим суратуу маселесин кароо тапшырмасын берген.

4-августта аталган үч облустун башчылары жарандар менен ишкерлердин турак-жайларын түрттүрүү учурунда кетирген «кемчиликтери» үчүн коомчулуктан кечирим сурашкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>