Митингчилер Ош шаардык мэриясын басып алууга аракет кылышууда

Митингчилер Ош шаардык мэриясын басып алууга аракет кылышууда

Учурда жаалданган топ Ош шаарынын борбордук аянтындагы шаардык мэрияга күч менен кирүүгө аракет кылып жатышат.

Бир нече саат мурун аймакта кече кызматтан кеткен мэр Таалайбек Сарыбашовдун тарапташтары митингге чогулган болчу. Алар мэрдин кайра ордуна келүүсүн талап кылып жатышат. Маалыматтарга ылайык, учурда Таалайбек Сарыбашов мэриянын ичине кирди.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовду кызматтан алууну 6-октябрда шаардык кеңештин 31 депутаты бир добуштан колдогон. Кийинчирээк Сарыбашов өзүн-өзү калаа башчы деп жарыялаган “Бир Бол” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Дүйшөн Төрөкуловго кызматын өткөрүп бергени тууралуу маалымат тараган.

Ал эми Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов 7-октябрга караган түнү чет өлкөдөн Ошко кайтып келген. Буга чейин Оштогу митингдин айрым катышуучулары Мырзакматовдун кайрадан мэр болуусун талап кылып жатышкан.

Тэги: мэрия Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>