ММА мушкер Бексултан Өмүрзаков Азербайжанда чемпиондук курдун ээси болду

ММА мушкер Бексултан Өмүрзаков Азербайжанда чемпиондук курдун ээси болду

Кыргызстандык мушкер Бексултан Өмүрзаков Азербайжанда өткөн ММА боюнча Ultimax Fight Night турниринде чемпиондук курдун ээси болду. Турнир Баку шаарында 28-июль күнү өткөн. Бул тууралуу  анын машыктыруучусу Кенжебек Чекиров фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Машыктыруучунун айтымында, кыргызстандык спортчу 90 кг чейинки салмак ченинде ирандык спортчуга каршы беттешке чыкмак. Белгисиз себептерден улам ирандык спортчу акыркы мүнөттөрдө рингге чыгуудан баш тарткан. 

“Биз 100% жакшы беттеш көрсөтүүгө даяр элек. Бул чемпиондук кур Кыргызстандын ММА тармагын өнүктүрүүгө кичине салым болсун“, – деп жазган ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>