Молдокадыров Нарын шаарынын мэри болуп шайланды

Молдокадыров Нарын шаарынын мэри болуп шайланды

Нарын шаарынын мэри болуп  Нурбек Молдокадыров  шайланды. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда Нарын шаарынын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган кызматка үч талапкер ат салышып, алардын ичинен Молдокадыров 25 депутаттын добушу менен калаа башчысы болуп тандалды Жалпысынан шайлоодо 31 депутат катышып, добуш берүү жашыруун жүрдү.

Ал буга чейин Нурбек Молдокадыров Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун акими болуп иштеп келген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>