Молдокматова баткендик балдарды Ысык-Көлгө эс алууга жөнөттү — сүрөт

Молдокматова баткендик балдарды Ысык-Көлгө эс алууга жөнөттү — сүрөт

Баткен облусунан 140 бала Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-30-апрель күндөрү, Баткен облусунун Тажикстан менен чек арасында болуп өткөн окуядан жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн, президенттин демилгеси жана колдоосу, коомдук ишмер Ассоль Молдокматованын уюштуруусу астында эс алуу уюштурулган.

Облустун чек аралаш аймактарынан барган 140 бала, 6 мугалим 10 күн бою Ысык-Көл облусунда эс алууда болушат.

Андан соң балдар Баткен облусундагы Кадамжай “Семетей” лицейинде дагы 15 күн эс алышат.

Балдарды өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев жана район-шаар башчылары узатып, аларга көңүлдүү эс алуу каалашкан. Балдар бүгүн Ош аэропорту аркылуу Тамчы аэропортуна учушат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>