Момбеков: мен сабабай эле, мага кол салуу болгон

Момбеков: мен сабабай эле, мага кол салуу болгон

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков таксистти сабады деген малыматты жергиликтүү басылмалар аркылуу төгүнгө чыгарды.

“Ал жол эрежесин бузду. “Коопсуз шаардын” камераларынан караса болот. Мен машинеден түшкөн эмесмин”, — деген Момбеков.

Ошондой эле ал 3-сентябрда саат 16.30 чамасында өзүнө кол салуу болгонун белгилеген. BMW машинесинин айдоочусу жолун тороп, терезеден үч-төрт жолу муштаганын айткан депутат муну «шайлоо астындагы чагым» деп баалаган.

Буга чейин Чүй, Тоголок-Молдо көчөлөрүнүн кесилишинен жан сакчысы экөөнүн таксистти сабап кеткенидиги боюнча маалымат тарап кеткен.

Рыскелди Момбеков жан сакчысы экөө таксисти сабап салды

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>