Монако дүйнөдө биринчи болуп 5G интернет байланышын ишке киргизди

Монако дүйнөдө биринчи болуп 5G интернет байланышын ишке киргизди

Монако дүйнөдө биринчи болуп, Huawei`дин технологиясына негизделген 5G интернетин ишке киргизди. Бул тууралуу бир катар чет элдик басылмалар жазышууда.

Компаниянын вице-президенти  Ли Сяолун АКШнын санкцияларына карабастан Huawei 5G желесин куруу үчүн 50дөн ашуун өлкө менен келишим түзүлгөнүн айткан.

Учурда Монакого  5G жогорку ылдамдыктагы интернет байланышын тараткан 23 станция орнотулган.

Айта кетсек, АКШ президенти Дональд Трамптын май айындагы буйругунан кийин, Google компаниясы Huawei менен кызматташууну токтоткон.

Рубрики: ДҮЙНӨДӨН

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>