Москвада 29 жаштагы кыргызстандык келин метродо көз жарды — видео

Москвада 29 жаштагы кыргызстандык келин метродо көз жарды — видео

Москвада кыргызстандык келин метродо көз жарды. Окуянын видеосу Орусиянын Телеграм каналдарынын биринде жарыяланган.

Келиндин төрөтүн полиция кызматкерлери Москвадагы «Электрозаводская» станциясында кабыл алышкан.

«Окуя шаршемби күнү кечинде болгон. Милиция кызматкерлери Арбатско-Покровская линиясынын «Электрозаводская» станциясынын фойесин кыдырып жүрүп, эскалатордон чыгып бара жатып, жерге кулап баштаган кош бойлуу аялды байкашкан. Көрсө, ал кош бойлуулуктун акыркы баскычында экен», —  деп билдирет Орусиянын ички иштер кызматкерлери.

Полиция тез жардам кызматын чакырган, бирок төрөт алар келгенге чейин башталган. Улук сержант Алеся Полякова ымыркайды төрөткөн. Ымыркай үшүп калбоосу үчүн аны «фальгага» орогон. Келген дарыгерлер полиция баарын туура жасагандыгын белгилешип, баланын жана эненин ден-соолугу жакшы экенин билдирген.

Келиндин өздүгү такталып, ал 29 жаштагы Үпөл Курманова аттуу аял экени аныкталды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>