Москвада мигранттан пара алган метро күзөтчүсү аны кармоого аракет кылган полицияны атып өлтүрдү

Москвада мигранттан пара алган метро күзөтчүсү аны кармоого аракет кылган полицияны атып өлтүрдү

Москвадагы Рязанск проспектиси станциясында мигранттан пара талап кылган метро күзөтчүсү аны кармоого аракет кылган эки полиция кызматкерине ок чыгарып, анын бири өлдү. Бул тууралуу Москва шаардык полициясына таянып “Фергана” басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, окуя 18-сентябрь күнү кечинде болгон. 35 жаштагы Алексей Смирнов тийиштүү документи жок адамды коркутуп пара талап кылган. Басылма мигранттын улутун жазган эмес.

Жеке коопсуздук бөлүмүнүн кызматкерлери пара алууга шектелген кызматкерди кармоо учурунда ал миң рублди полиция кызматкерлерине ыргытып жиберип, андан соң ок чыгарган.

“Интерфакс” агенттигинин жазганына караганда, Смирнов бир полиция кызматкерин метродо экинчисин  эскалаторда аткан. 39 жаштагы  Максим Веялко дароо каза болгон. Ал эми 41 жаштагы Алексей Лимонов оор жаракат  алып ооруканага жеткирилген.

Орусиянын тергөө комитети бул факты боюнча “полиция кызматкерине кол салуу” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, сотко чейинки тергөө амалдарын баштаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>