Москвада саясий куугундуктарды бошотууну талап кылган митингге 25 миңдей киши чогулду

Москвада саясий куугундуктарды бошотууну талап кылган митингге 25 миңдей киши чогулду

Москва шаарынын Сахаров проспектинде саясий туткундарды бошотууну талап кылган митинг өттү.  “Белый счетчик” ыктыярчылар тобу ага 25 миңдей киши келгенин кабарласа, полициянын маалыматы боюнча 20 миңдей адам чогулган.

Акция эки саттан ашык убакытка созулду. Бул аралыкта Коррпуцияга каршы күрөш фондунун директору Алексей Навальный, адвокат Мария Эйсмонт, алып баруучу Татьяна Лазарева, журналист Илья Азар, ырчы Алексей Кортнев, шаардык кеңештин шайлоосуна катталбай калган талапкер Любовь Соболь, Иван Жданов, Юлия Галямина жана башка бир нече активист сөз сүйлөдү.

Алар чогулгандарды саясий себептерден улам камалгандар боштондукка чыкканга чейин каршылык акцияларын улантууга чакырышты. Шаардык парламентке шайланган депутат Круглов бардык ишин жыйыштырып коюп, күн сайын Москва шаардык думасынын жыйынынын күн тартибине “Москва ишин” токтотуу маселесин алып чыгарын билдирди.

Июль жана август айларында Москва шаардык кеңеши үчүн өтө турган шайлоого катталбай калган талапкерлерди колдоп миңдеген адам нааразылык акцияларына чыккан. Жүздөгөн адам камалып, ондогон кылмыш жана административдик иштер козголгон. Беш адам күч органдарынын кызматкерлерине кол көтөрдү деген айып менен ар кыл мөөнөткө эркинен ажыратылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>