Москвадан 223 кыргызстандык учуп келди

Москвадан 223 кыргызстандык учуп келди

28-июлда Орусиянын Москва шаарынан кыргызстандыктарды алып келген учак “Манас” аэропортуна келип конду.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, чартердик каттам менен 223 кыргыз жараны учуп келген.

Орусиядан кайткандардын тизмеси атайын комиссия  тарабынан жарандардан келип түшкөн арыздардын негизинде түзүлгөн.

Кайтып келгендер Орусиянын ЖОЖдорунда билим алган  студенттер, төрөтү жакындап калган жана жаш балалуу аялдар, ошондой эле жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарын жоготкондор болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>