МСК: Күйүүчү майлар Тажикстанга ташылууда деген маалымат калп

МСК: Күйүүчү майлар Тажикстанга ташылууда деген маалымат калп

Массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда күйүүчү-майлоочу материалдарды Тажикстандын аймагына контрабандалык жол менен ташуу боюнча жайылтылып жаткан маалымат чындыка дал келбейт.

Мындай билдирүүнү Мамлкеттик салык кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө таянсак, видео материалдарда көрсөтүлгөн күйүүчү майларды ташуучу унаалар, күйүп кеткен май куюуучу жайлардын кампаларындагы күйүүчү майларды чыгарып жатышат.

Учурда контрабандалык жүктөрдү алдын алуу боюнча тийиштүү органдардын Мобилдик топтору тарабынан Исфана шаарына, Кайрагач жана Сай аймактрына посттор орнотулган.

“Лейлек районунун аймагына кирип жаткан күйүүчү-майлоочу майларды Тажикстанга экспорттоого тыюу салуу тийиштүү тартипте көзөмөлдөлүнөт. Ар бир күйүүчү май ташуучу унаа көздөгөн жерге чейин, Мамлекеттик салык кызматынын инспекторунун катышуусунда жеткирилет. Күйүп кеткен күйүүчү-майлоочу материалдарды май куюучу жайлардын кампаларынан кайтарып алуу иштери, салык кызматынын инспекторлорунун катышуусу менен жүргүзүлөт”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Баткен облусунда күйүүчү майды аткезчилик жол менен Тажикстанга ташуу уланып жатканы айтылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>