MTV каналынын жетекчилиги телеалпаруучу менен кыргыз мигранттын мушташы тууралуу үн катты, – видео

MTV каналынын жетекчилиги телеалпаруучу менен кыргыз мигранттын мушташы тууралуу үн катты, – видео

Орусиянын MTV телеканалынын жетекчиси Яна Чурикова шоумен Артур Цветков менен кыргыз мигрантынын жаңжалы тууралуу пикирин билдирди. Чурикова кайрылуусун инстаграм баракчасына жайгаштырган.

Ал өз сөзүндө Чыңгыз Айтматовдун “адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу” деген сөзүн мисал кылып, телеканал дайым тынчтык жана урмат-сый тарапта экендигин айткан.

“Биз башында эч кандай комментарий бербей эле коюууну туура көргөнбүз. Анткени Артур Цветков 2006-жылдан тарта биздин телеканалда иштебейт. Бирок бул окуя улуттук аралык деңгээлге чейин өсүп кеткенине байланыштуу телеканалдын жана жеке позициямды айтып коюну туура көрдүм. Биринчиден чоң эле кишилер мындай чыр-чатактарды чече билиши керек. Экинчиден MTV телеканалы ар кандай рассизм, агрессияга каршы болуп келген”, — деген билдирүүсүндө Чурикова.

Эске сала кетсек, 11-августта Vj Archi атту лакап аты менен таанымал орусиялык белгилүү теле алып баруучу Артур Цветков Москвадагы тез-татымдардын биринде кыргыз мигрантты сөгүп, аягында кол көтөргөн.
Жаңжалга тез-татым саткан жайга Артур Цветков беткабын ылдый түшүрүп алып киргени себеп болгон. Ага беткабын кийүүсүн өтүнгөн кыргызстандыкка аргессивдүү жооп кайтарып, талаштын аягы мушташка айланган.

Кийин Артур Цветков инстаграм баракчасы аркылуу аталган окуя тууралуу пикирин айтты. Анда ал тез-татым жайынын ээси кечирим сурагандыгын айтып, “Бир нерсе жакпагандар силерди мекениңер күтүп жатат”, – деп билдирүү калтырган.

https://www.instagram.com/p/CD0dFm8ifHF/?utm_source=ig_web_copy_link

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>