Муфтият: Ажылыкка баруу үчүн 6 миңге жакын адам катталды

Муфтият: Ажылыкка баруу үчүн 6 миңге жакын адам катталды

Кыргызстандан 6 миңге жакын адам ажылыкка баруу үчүн каттоого турган. Бул тууралуу «Репортёрго»  Муфтияттын ажылык-умра жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев билдирди.

«Бүгүнкү күндө ажылыкка киргизүү үчүн Сауд Арабиядан расмий билдирүү келе элек. Биз тийиштүү каттарды жибергенби. Ал эми кандай талаптар менен киргизерин расмий сайттарына жарыялады. Бүгүнкү күндө Кыргызстандан ажылык сапарга баруу үчүн 6 миңге жакын адам каттоодон өткөн”, — деди Жолдошбек ажы Абдылдаев.

Белгилей кетсек, буга чейин Орозо айы кирери менен кичи ажылыкка зыяратка барчулар COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшү керектиги же мурда вирус менен ооруп айыккан болуш шарт деп Сауд Арабия талап койгону айтылган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>