Муфтият Чубак ажынын үй-бүлөсүнө каржылык жардам көрсөттү

Муфтият Чубак ажынын үй-бүлөсүнө каржылык жардам көрсөттү

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев жакын санаалаштары менен биргеликте Чубак ажы Жалиловдун үй-бүлөсүнөн кабар алып, 200 миң сом акчалай жардам көрсөттү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлашты. 

«Дүйнөдөгү мусулман эли үчүн оор жоготуу болду. Чубак ажыбыз бала кезинен билимге болгон тырышчаактыгы менен деңиздей терең илимге ээ болгон. Ислам динибизди коомчулукка жеткирүүдө эбегейсиз салым кошту. Канчалаган мыкты адистерди даярдап, өзүнүн алган билими, тажрыйбасы менен бөлүштү»,-деген Азирети Муфтий маркумдун үй-бүлөсү менен сүйлөшүп отуруп.

Муну менен катар Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Чубак ажы Жалиловдун балдарын кайраттуу болуп, атадан калган илим жолун улантып, элге, жерге жана мекенге кызмат кылган чыгаан атуулдардан болууга чакырды. Ошондой эле Азирети Муфтий Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>