Мухаммедкалый Абылгазиевге Кумтөргө байланыштуу иш козголду

Мухаммедкалый Абылгазиевге Кумтөргө байланыштуу иш козголду

УКМКнын карамагында мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге «Кумтөр голд компаниге» байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирди.

“Жоопту адамдар тарабынан, кыргыз өкмөтү тарабынан Ысык-Көл облусундагы жаратылыш ресурстарын, жер тилкелерин мыйзамсыз пайдаланууга «Кумтөр голд компаниге» беришкени аныткалып. Тагыраагы, Абылгазиевге 319- берене (Коррупция) менен иш козголду. Учурда иш тергелип жатат”, — деди Ташиев.

УКМКнын төрагасынын айтымында, Абылгазиев менен бирге дагы бир нече мамлекеттик кызматкерлерге, депутаттарга кылмыш иши козголгон.

Белгилей кетсек, Абылгазиевге буга чейин Чиновник УКМК тарабынан 26-январда кармалган. Ага мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүп, мыйзамсыз байыган деген айып тагылган болчу.

Абылгазиев сот чечими менен УКМКнын СИЗОсунда 26-майга чейин камакка алынган болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>