Мурдагы Британ элчиси Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы болду

Мурдагы Британ элчиси Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы болду

Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы болуп мурдагы британ элчиси Робин Орд Смит шайланды. Бул тууралуу “Акчабар” каржылык порталы ишенимдүү булактарына таянуу менен жазып чыкты.

Маалым болгондой, мурдагы элчини бизнес-акыйкатчы кылып Евразия реконструкция жана өнүктүрүү банкынын жана беш бизнес-ассоциациянын өкүлдөрүнөн турган Байкоочу кеңеш тандаган.

Ал эми бизнес-акыйкатчыны түзүү үчүн 1.5 млн евро каражат коротулат. Акчаны Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы бермекчи.

Бизнес-акыйкатчы кызыматына 100 адам арыз берген. Эки жолу болуп өткөн тандоо айлампаларынын жыйынтыгы менен 5 гана талапкер калган.

Айта кетсек, өткөн жылдын августь айында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бизнес-акыйкатчы институту түзүү демилгесин көтөрүп чыккан. Ал эми ушул жылдын январь айында бул кызматты түзүү үчүн атайын токтомго кол койгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>