Мыйзам бузуу аныкталган эмес. Мурдагы депутат Ибрагимов бюджетке 100 млн сом которду

Мыйзам бузуу аныкталган эмес. Мурдагы депутат Ибрагимов бюджетке 100 млн сом которду

Мурдагы депутат Сергей Ибрагимов мамлекеттин бюджетинине өз ыктыярдуулугу менен100 миллион сом которду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Сергей Ибрагимовдун компаниялар тобунда, каржылык мыйзам бузууларына, эсептөөнүн тууралыгы жана салык төлөмдөрүн убагында төлөбөгөндүгү боюнча аудит материалдарынын алкагында коммерциялык структуралардын ишмердүүлүгүнө изилдөө иштери жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн салыктык текшерүүнүн натыйжасында мыйзамдардын талаптарын бузуу аныкталган эмес.

“Сергей Ибрагимов республиканын оор социалдык-экономикалык абалын эске алып, акысыз каржылык колдоо көрсөтүүгө жана мамлекетти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттин бюджетине 100 миллион сом салым кошууга ыктыярдуулугун билдирген”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда жогорудагы сумма мамлекеттин эсебине толугу менен которулган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>