Мыйзамсыз ташылып келген 3 миллион сомдук тамеки кармалды

Мыйзамсыз ташылып келген 3 миллион  сомдук тамеки кармалды

Аткезчилик жол менен ташылып келген 3 миллион сомдук  тамеки продукциялары кармалды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

23-июнь күнү “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрмө пунктуна жакын жерден тийиштүү эч кандай документтери жок 59 миң 500 кутуча тамекини жүктөп бараткан унаа кармалган. Салык кызматынын эсеби менен товардын жалпы суммасы 3 миллион сомдук деп бааланган.

Топтолгон материалдар мыйзамга ылайык Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>