Мыктыбек Абдылдаев: Депутаттар кырдаалдан чыгуу үчүн чечим кабыл алууга даяр

Мыктыбек Абдылдаев: Депутаттар кырдаалдан чыгуу үчүн чечим кабыл алууга даяр

Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кеткенден кийин “Достук” мейманкасындагы депуттардын жыйынында төрага болуп шайланган Мыктыбек Абдылдаев саясий күчтөргө кайрылуу жасады.

Мыктыбек Абдылдаевдин кайрылуусу толугу менен:

“Урматтуу кыргызстандыктар, саясий партиялардын жетекчилери!

5-октябрда Жогорку Кеңешке шайлоолордун алдын ала жыйынтыктары элдик нааразылыктарга алып келип, ошондон бери өлкөбүздөгү кырдаал курч бойдон калууда. Абал өтө оор. Президент Сооронбай Жээнбековдун түндө кырдаал турукташкандан кийин кызматтан кетүүгө даяр экендигин жарыялаганы оң жылыш деп эсептейбиз. Эми чукул арада  Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын өткөрүп, өлкөбүздү мыйзам нугуна кайтарып келүү вазыйпасы турат. Бул үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарына Өкмөт башчылык кызматка кызыктар тараптардын тирешүүсү жана басымынан тышкаркы шарттарда иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек. Бийлик кимдин жактоочулары көп болсо, ошол тарапка оошу керек деген түшүнүк менен эмес, Баш мыйзамыбызда жазылгандай шайлоонун жыйынтыктары аркылуу гана бөлүштүрүлүшү зарыл. Андыктан, баардыгыңыздарды тез аранын ичинде тарапташтарыңыздарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өлкөбүзгө тартип жана тынчтыкты орнотуу керек экенин унутпаңыздар.

Акыркы эки күн ичинде фракция лидерлери жана депутаттык топтор менен болгон сүйлөшүүлөрдө бардык тараптар консенсуска келип, кырдаалдан чыгуу боюнча кандайдыр бир чечим табууга даяр экендигин билдиришти. Ушул тапта Жогорку Кеңештин жыйынын, коопсуздукту жана депутаттардын эркин ой билдирүү укуктарын сактоо менен өткөрүү абдан маанилүү.  Мамлекетибиздин алдында оор сыноолор турат. Элибиздин демейдегидей бейпил жашоо-турмушуна кайтып келүүсүн камсыздап, кышка даярдык көрүү, экономиканы жандандыруу, пандемиянын экинчи толкунуна даярдануу чакырыктары турат. Булардын бардыгы мамлекетибиздин ичиндеги ынтымак жана тынчтыкты бекем сактоого байланыштуу болот. Өлкөбүздүн бүтүндүгү жана элибиздин бейпил жашоосу үчүн ар бириңиздерди саясий амбицияларды кое туруп, биримдикке келүүңүздөрдү өтүнөм”.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>