Намаздан кийин чыккан кагылуушудан жүздөй палестиналык жаракат алды

Намаздан кийин чыккан кагылуушудан жүздөй палестиналык жаракат алды

Жүздөн ашык палестиналыктар Иерусалимдин эски шаарында чыккан кагылуушудан жаракат алды. Бул тууралуу Кызыл жарым ай коомуна таянуу менен чет элдик басылмалар жазышууда.

Окуя бейшемби күнү кечинде Иерусалимдин эски шаары Шхемских дарбазасында чыккан. Анда араб жана еврей жаштарынын ортосунда кагылуушуну милиция токтотконго аракет кылган.

Алгачкы кагылуушу Рамазан айындагы кечки ибаддаттан чыккан жаштар Шхемских дарбазасында демонстрация уюштуруп, полиция кызматкерлерине таш ыргытып башталганы, тополоң болгон жерге израилдик ашкере оңчул жаштардын тобу барган.

“Кечээ кечинде Иерусалимде болгон кагылуушуда жабыркагандардын саны 105 адамды түздү. Алардын 22си ооруканага жеткирилип, орточо абалдагы жаракаттарды алганы аныкталган. Калгандарына жеринен биринчи жардам көрсөтүлдү”, — деп жергиликтүү бийлик маалымат берген.

Палестина лидеринин расмий өкүлү Набиль Абу Рудейна, Палестина жетекчилиги эл аралык коомчулукту Иерусалимде жашаган палестиндерди коргоону жана кылмыштык кол салуулардан сактоого чакырганын билдирген.

Ал эми Израилдин полициясы, түнкү баш аламандыктан кийин 50 адам кармалганын жана алар сот аркылуу сурактан өтөрүн айткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>