Нариман Түлеев Атамбаевдин үйүнүн жанында митинг өткөрүү үчүн штаб түзгөнүн жарыялады

Нариман Түлеев Атамбаевдин үйүнүн жанында митинг өткөрүү үчүн штаб түзгөнүн жарыялады

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн жанында митинг өткөрүү ниетинде экенин Facebook баракчасына жазып чыкты.

Түлеев Атамбаевдин айланасындагы окуяларга байланыштуу билдирүү таратып, аны «аймак аралык кастыкты козутуп жатат» деп айыптады. Мындан тышкары ал Атамбаевди мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыш үчүн штаб түзгөнүн жарыялап, буга саясий күчтөрдү кошулууга чакырды.

«Бул штаб эч кандай саясий боёкко ээ эмес, эч бир тараптын кызыкчылыгын коргобойт. Биз Сооронбай Жээнбековдун бийлигин колдобойбуз жана Алмазбек Атамбаевге да каршы эмеспиз. Биз мыйзамдын духу жана тамгасы сакталышын гана каалайбыз, штабдын ишмердүүлүгү саясатташпайт жана мыйзамдуулукту сактоого гана багытталат. Атамбаевдин катачылыгын далилдеш үчүн штаб анын резиденциясына тынчтык жүрүшүн жасайт, аны мыйзам чегинде иш алып барууга чакырат», — деп жазган.

Нариман Түлеев эгер Атамбаев күчүн көрсөткүсү келсе курал менен эмес, эрки менен көрсөтүүсү керектигин жазган.

Нариман Түлеев штаб «Мыйзамдуулукту жана туруктуулукту камсыздоо боюнча элдик штаб» деп аталаарын, жөө жүрүшү жакынкы күндөрү өтөрүн белгиледи. Ал жүрүштөн кийин Атамбаевдин үйүнүн жанында мөөнөтсүз митингдер да болорун кошумчалады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>