Нарын облусунда 77 жаштагы аял 31-августтан бери дайынсыз. Милиция табууга жардам сурайт

Нарын облусунда 77 жаштагы аял 31-августтан бери дайынсыз. Милиция табууга жардам сурайт

Нарын облусунун Ат-Башы районунда 77 жаштагы аял 31-августтан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-август күнү саат 10:30 чамасында Ак-Жар айылында Бурул Шергазиева үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголууда деген арыз менен 10-сентябрда анын кызы кайрылган. Бул факты Ат-Башы РИИБинде каттоого алынган.

Бурул Шергазиеванын өзгөчө белгилери: бою 160 сантиметр, бет түзүлүшү сүйрү, чачы кыска.

Кийген кийимдери: башында ак гүлдүү жоолук, үстүндө кызыл түстөгү жемпир, кара сызыктары бар кызыл көйнөк, бутуна маасы-көлөч кийип жүргөн.

Жогорудагы факты боюнча Ат-Башы РИИБинин кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Сүрөттөгү жаранды көрүп билгендер болсо, төмөндөгү номерлерге чалып коюуңуздарды милиция кызматкерлери суранат.

Байланыш телефону: 03534 23-2-83, 0702 22 74 74.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>