Нарын облусунун башчысы Аманбай Кайыпов кызматтан кетүү арызын жазды

Нарын облусунун башчысы Аманбай Кайыпов кызматтан кетүү арызын жазды

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды.  Бул тууралуу Репортер агенттигине өздүк  булактар кабарлагандай, азырынча Өкмөт чечим кабыл ала элек.

Маалыматты тактоо үчүн Нарын губернаторунун басма сөз катчысы Майрамбек Өмүрбаевке байланышканыбызда, ал Кайыпов кызматтан кетүү  боюнча арыз жазгандыгын тастыктады.

Кечээ, 4-сентябрда Аманбай Кайыповдун кызматтан кеткендигин өздүк булактарга таянып бир нече басылмалар, анын ичинде биз да жазып чыкканбыз.

Ал эми Kaktus.media анын ордуна Нарындын учурдагы мэри Эмил Алымкулов дайындаларын жазган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>