Нарында 1-класстын окуучулары акысыз беткап менен камсыздалат.

Нарында 1-класстын окуучулары акысыз беткап менен камсыздалат.

Нарында 1-класстын окуучулары акысыз беткап менен камсыздалат. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, 1-класстын окуучуларын ыңгайлуу беткап менен камсыздоо максатында «Теңир Тоо» өнүктүрүү фондунан 100 миң сом бөлүнүп берилип, Нарын шаарындагы М.Мырзабеков атындагы №87 кесиптик лицейинин базасында жеке ишкер тарабынан беткаптар тигиле баштады. Тигилген 6000 даана беткап окуучуларга акысыз таратылып берилет.
Бул ишке 25 тигүүчү тартылып, өндүрүлгөн продукция атайын келишимдин негизинде Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун уруксаты менен дем алдыруучу материалдан көп жолу колдонууга ылайыкталып тигилүүдө.

 Нарын облусунда жаңы окуу жылында 6000 окуучу биринчи класска барат. Балдар бардык коопсуздук эрежелерин сактоо менен кадимки режимде мектепте окушат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>