Нарында жер титирөө катталды

Нарында жер титирөө катталды

19-август күнү саат 05:37 чамасында Нарын облусунун аймагында жер титирөө катталды.  Сейсмология институтунун маалыматына караганда, анын күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөөнүн очогу Байбиче-Тоо тоо кыркасында катталып, Кара-Булак, Орто-Сырт айылдарында 3 баллга, Ак-Бейит, Терек айылдарында 2,5 баллга сезилди.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>