Нарындагы контейнерде билим алган окуучулар жаңы имаратка көчөт (фото)

Нарындагы контейнерде билим алган окуучулар жаңы имаратка көчөт (фото)

Суук түшүп баштаганына байланыштуу Нарын районунун Кеңеш айылындагы контейнер мектепте билим алган окуучулар 3-октябрдан тартып башка имаратта билим алышат. Бул тууралуу Нарын облустук администрациясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Басма сөз катчынын айтымында окуучулар бир жыл мурун курулган жаңы клубдун имаратына көчүшөт. Аны атайын класстарга бөлүп, кайрадан жасап чыгышкан.

Белгилей кетсек, 2-сентябрь күнү Нарын районунун Кеңеш айылындагы контейнерден жасалган мектептин салтанаттуу ачылышы  болгон. Ага Нарын районунун акими Семетей Черикбаев, Нарын облустук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Касымбек Мамытов баштаган 5 аткаминер катышкан.

Бул көрүнүш интернет колдонуучуларынын кызуу талкуусуна алынып, көп өтпөй Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева жана  Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов кызматтан алынган.

Бийлик суук түшкөнгө чейин окуучулар үчүн башка имарат караштырыларын билдирип келген.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>