Нарындан кылмыштуу топ кармалды (ВИДЕО)

Нарындан кылмыштуу топ кармалды (ВИДЕО)

Алар алтоо болушкан. Нарындан кармалышкан.

Алдамчылык же ишенимди кыянаттык менен пайдалануу, каракчылык жана майнинг-фермасы аркылуу мүлктүк зыян келтирген деп шектелген кылмыштуу топ кармалды. Бул туурасында Бишкек милициясы билдирди.

2018-жылдан бери  Нарын шаарынын  Кожомкул көчөсүндөгү бирөөнүн жеке үйүн 1600 долларга ижарага алып, бирок, 400 доллар акчаны төлөбөй качып кетишкен.  Жөн кетишпей үйдүн дубалдарын тешип, эмеректерин сындырып, сыналгы, сүрөттөр, теннис столу жана килемдерин жүктөй кетишкен. Учурда келтирилген зыяндын жалпы суммасы аныкталууда.

Ошондой эле Нарындан дагы бир үйдү карактаган.

Бишкек, Нарын милицияларынын бирдиктүү аракеттеринен улам, 1999-жылы туулган И.А., 1995-жылы туулган К.А., 2001-жылы туулган И.И., 1999-жылы туулган Б.Т., 1998-жылы туулган Б.Т. жана 1999-жылы туулган Т.Д. кармалды.

Мындан сырткары, кармалгандардын унааларын текшергенде  номерлери өчүрүлгөн Калашников автоматын (АК-74) жана желим, жыгач туткалуу бычактарды табышкан. Шектүүлөрдүн Нарындын Кара-Чий айылынагы үйлөрүнөн:

— майнинг-ферма үчүн 135 аппарат ;

— вай-фай интернети үчүн 2 роутер;

— 6 хаб;

— 56 электр узартуу зымдары;

— сары капталган кабелдер;

— кара интернет кабелин табышкан.

Алдамчылык же ишенимди кыянаттык менен пайдалануу, каракчылык жана майнинг-фермасы аркылуу мүлктүк зыян келтирген деп кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>