Ноокатта жаңы көпүрө пайдаланууга берилди

Ноокатта жаңы көпүрө пайдаланууга берилди

Ноокат районунун Беш-Буркан айылындагы Ак-Сай сел өтүүчү сайына курулган көпүрө пайдаланууга берилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан курулган көпүрөнүн ачылышына министр Замирбек Аскаров, парламент депутаттары Зияиддин Жамалдинов, Махабат Мавлянова, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышкан.

Буга чейин айылдын элдери өз алдынча каражат топтоп көпүрө куруп келген, тилекке каршы сапаты начар болгондуктан катуу жааган жамгырдан улам сел алып кеткен. Ошондой эле мектеп окуучуларын агызып кеткен учурлар катталган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>